Чоң туз санаторийи

Википедия дан

Чоң туз санаторийи - табигый туз катмарларында казылган шахтанын (үңкүрдүн) ичинде туздуу аба менен дарылануучу жай.

Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор өрөөнүнүн түштүк-батыш тарабында, деңиз денг. 2100 м бийиктикте, райондун борбору Кочкордон 22 км алыстыкта тоонун боорунан орун алган. Бул жердин климаты континенттик, жайы мелүүн салкын, июльдун орточо температурасы +16,3°С, кышында кар аз түшөт, январдын орточо темп-сы -9,9°С. Тоо ичиндеги санаторийдин имараты горизонталдуу галерея тибинде, уз. 200 м, туурасы 510 м, бийиктиги 3-4 м. Галереянын капталында 1,2 жана 4 орунду жатаканалар жайгашкан. Ошондой эле дарылоо физкультурасын өткөрүүчү, кино, видеокөрсөтүүчү жана конференц залдар бар. Туздуу тоонун негизги породасы чопо, мергель, ал эми туз катмарынын калыңдыгы кээ бир жерлерде 25 мге жетет. Туздун химиялык курамынын негизин NaCl түзөт. Шахта-санаторийинин бөлмөлөрүндө температурасы жылдын кайсы мезгилинде болбосун 8-10°С, абасында туздун майда кристаллдык концент. 5-10 мг/м3. Микрокристаллдар адамдын эң майда бронхиоларына чейин кирип, дарылык касиетин тийгизет. Бул санаторийде бронх астмасынын аралашма жана инфекция-аллергиялык түрүн, ошондой эле полиноз ж. б. аллергиялык ооруларды, бронхиттерди дарылоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4