Чоң Үзөңгү-Кууш капчыгайы

Википедия дан

Чоң Үзөңгү-Кууш капчыгайы Борбордук Теңир-Тоодо. Какшаал жана Борколдой, Карлы-Тоо, Карлы-Кыр тоолорунун аралыгында кеңдик багытында 80 кмге созулуп жатат.

Капчыгай батыштан чыгышты карай куунттайт (15-16 км/ск 200 мге чейин). Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги баш жагында 3700 ж, аягында 2600 м; курчаган тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1000-1200 м. Капчыгайдын башы Котур жана Ай-Талаа сууларынын аралыгында (таманынын жазылыгы 1516 кмге чейин). Капчыгайдын ортонку бөлүгү кууштап (2-3 кмге чейин), капталдары тигирээк, Жарык-Таш, Туюк, Чолок-Капчыгай, Шалдырак (сол куймалары) жана Кичи жана Чоң Туура-Суу, Чоң Төө-Куйрук, Туюк-Булак, Эки Чат, Кичи Төө-Куйрук, Чакан-Таш (оң куймалары) сууларынын капчыгайлары, кокту-колоттору менен терең тилмеленген. Капчыгайдын аягы өтө кууш (200-300 мге чейин), капталдары тик, көптөгөн капчыгайлар (Кичи Үзөңгү-Кууш, Кичи Терек, Чоң Терек, Чаты-Терек ж. б.), кокту-колоттору менен тилмеленген. Капчыгай аркылуу Чоң Үзөңгү-Кууш суусу агып, Какшаалды кесип Кытайга кетет. Баш жагы палеоген, неоген жана антропогендин конгломерат, карбондун сланец, акиташ теги, порфирит, диабаз, спилит, аягы девондун кумдук, сланец, кремний, конгломерат ж. б. тектеринен турат.

Климаты континенттик, суук, январдын орточо температурасы -22°С; айрым убактарда -50°Сге жетет; жылдык жаан чачыны 300 ммден ашпайт. Капчыгайдын таманына жана баш жагына талаа, айрым жерлерине шалбаа, капталдарына бадал аралашкан кургак талаа (3000 ж бийиктикке чейин), андан жогору муздак чөл жана нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4