Чуст эстелиги

Википедия дан

Чуст эстелигиФергана өрөөнүнүн түндүк аймагында, Сырдарыянын оң өйүзүндөгү Чуст шаарына жакын жерде коло дооруна тиешелүү турак-жайлардын калдыктары жайгашкан. Алардын жалпы аянты 4 га, маданий катмарынын калыңдыгы 0,60–3 м. Чарбалык маанидеги чуңкурлардын диаметри 0,60–1,10 м. Диаметри 1,80–2,30 м келген чуңкурлардын калдыктары В. И. Спришевскийдин божомолунда жарым-үй катары кызмат кылган. Алардын түбү тапталган, кээ биринин дубалдары кыш менен кыналган. Жер үстүндөгү сүйрү формадагы турак-жайлар изилденген. Эл жашаган мындай кыштактын сыртынан калыңдыгы 3 м, бийиктиги 3,50 м келген кыш чеби менен курчалган. Үй-тиричилигинде колдонулуучу колго ийленип жасалган чопо идиштердин ар кандай түрлөрү табылып, алардын кээ бирлеринин беттерине кара боёк аркылуу үч бурчтук, ромб, тесме сымал оюулар түшү-рүлгөн. Колодон жасалган бычак, орок, шибеге, кайырмак, шурулар, найзанын учу, күзгү жана орок даярдоочу таш калыптар, ошондой эле колонун уютундулары жана шлак табылган. Чуст эстелигинде металл иштетүү жогорку дең-гээлде өнүккөн. Чуст тургундары жаргылчак, жылмаланган балта, орок сымал бычак жана башка куралдарды жана сөөктөн жасалган шибегени кеңири колдонушкан. Шурулары лазурит, сердолик өңдүү таштардан, жаныбарлардын тиштеринен, каури үлүлүнөн жана жезден жасалган. Бул жерден адамдын көмүлгөн сөөгү аз табылган. Маркумдун сөөгү бүрүш-түрүлгөн абалда капталынан жаткырылып, жанына буюм коюлган эмес, антропологиялык жагынан европеоид расасында болгон. Чуст эстелиги Дальверзин эстелигине окшош. Чуст эстелиги М. Э. Воронцов (1950–52), В. И. Спришев-ский (1953) тарабынан изилденген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.