Чуу

Википедия дан

Чуу – спектрдик түзүлүшүнүн жана интенсивдүүлүгүнүн убакытка көзкарандылыгынын татаалдыгы менен айырмаланган, ар кандай физикалык жаратылыштагы башаламан термелүүлөр.

Музыканы, сөздөрдү ж.б. кабыл алууга кедерги болгон Чуулар акустикалык Чуу деп аталат. Акустикалык угуучу жана укпоочу Чуулардын булагы – катуу, суюк, газ абалындагы чөйрөлөрдөгү термелүүлөр; негизги булактары – иштеп жаткан кыймылдаткычтар жана механизмдер. Чуу илим жана техниканын көпчүлүк тармактарында: оптикада, радиотехникада, радиолокацияда, эсептөө техникасында, медицинада ж.б. олуттуу мааниге ээ. Радиоэлектрондук түзүлүштөрдөгү, электр-вакуум куралдарындагы электрондордун бир калыпта эмес эмиссиясынын натыйжасында, токтун жана чыңалуунун кокустан термелүүсү (радиоэлектрондук Чуу); өткөргүчтөрдөгү токту ташуучулардын жылуулук кыймылы (жылуулук Чуу); Жердин жана анын атм-сынын, о. эле планеталардын, Күндүн, планеталар аралык чөйрөнүн ж. б. жылуулук нурлануусу (космос Чуулары). Чуу Радио-кабылдагыч куралдардын сезгичтигине чек коёт.

Кандай гана жаратылыштагы Чуу болбосун, аларды мүнөздөгөн чоңдуктардын учурдагы маанилеринин чукул өзгөрүшү менен мезгилдүү термелүүлөрдөн айырмаланат. Чууну талдоо жана сан жагынан баалоо үчүн ар кандай математикалык моделдер жана статистикалык закондор колдонулат.

Чуу статистикалык, стационардык жана стационардык эмес болуп бөлүнөт. Стационардык Чуу орточо параметрлеринин турактуулугу менен мүнөздөлөт. Көпчүлүк убакытта биз сезген, бири бирине көзкаранды болбогон булактардын (элдин тобунун, деңиздин, станоктордун ж. б.) пайда кылган Чуусу стационардыкка жакыныраак болот. Параметрлери жай өзгөргөн же кыска убакытта таасир эткен Чуу стационардык эмес болот. Аларга көчөдөн өткөн транспорттун Чуусу, өндүрүш шарттарында пайда болгон айрым кедергилер ж. б. кирет.

Акустикалык Чууну изилдөө ар түрдүү максаттарды көздөйт: адамдарга жана ар түрдүү системаларга тийгизген терс таасирин азайтуу, Чуунун ичинен керек болгон начар сигналдарды кабыл алуу жана өлчөө ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]