Чыгармачыл кызматкер
Чыгармачыл кызматкер – маданий дөөлөттөрдү жараткан же аткарган, өзүнүн чыгармачылык ишмердигин өмүрүнүн ажырагыс бөлүгү катары эсептеген, ал эмгек келишимдерине байланышканына же байланышпаганына жана Ч. к. кайсы бир ассоциациянын мүчөсү экенине же мүчөсү эместигине карабастан Ч. к. катары таанылган же таанууну талаптаган жеке адам. Ч. к-дин катарына Автордук укук жөнүндө бүткүл дүйнөлүк конвенция, Адабият жана искусство чыгармаларын сактоо жөнүндө Берн конвенциясы, Артист-аткаруучулардын, фонограммаларды чыгаруучулардын жана радиоукутуруу органдарынын кызматкерлеринин укуктарын коргоо жөнүндө Рим конвенциясы ошондойлорго кошкондор кирет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7