Чыгым

Википедия дан

Чыгым– ар кандай кырсыктын кесепеттерине жумшалчу мүлктүк зыян. Кыргыздардын салттуу турмушунда чыгымды урук, уруу чогулуп көтөрүшкөн. Мис., бир үй-бүлөдөн сөөк чыкса, аны коюу жалпы уруктун милдети болуп, ага кеткен чыгымды чогуу көтөрүшкөн. Чыгымдын курамына ортого мал чыгаруу, конок күтүү, минип келген унааларына жем-чөп дайындоо, оюн-зоокторду, байгелерди уюштуруу жана башка кирген. Мүлктүк теңсиздик жана социалдык катмарларга бөлүнүү күч алып турган мезгилде чыгымды чогуу көтөрүү кедей бүлөлөрдүн жашоо-тиричилигин оордоткон. Айрым учурда чыгым тууган-урук ичиндеги таарыныч, уруш-жаңжалга алып келген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.