Чыгыш Көлтөр мөңгүсү

Википедия дан

Чыгыш Көлтөр мөңгүсүТескей Алатоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,1 км, аянты 4,1 км2.

Каракол суусунун оң курамы Көлтөрдүн алабынан орун алган. Башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3740 м. «Тили» тик түшүп, тоо тектердин сыныктары м-н чала көмүлгөн. Мөңгүнүн оң жак өңүрүн бойлото орток морена жатат. 1943- ж-а 1956- жылдардагы аэрофотосъёмканын материалдары б-ча тилинин уз. 200 мге, ал эми азыркы морена жалчасы түзүлгөндөн 1962-ж. чейин 560 мге кыскарган. 1955–57, 1961- ж-а 1962-ж. мөңгүгө фототеодолиттик съёмканы кайталоо ыкмасы м-н анын кыймыл аракетине мезгилдүү байкоо жүргүзүлгөн. Жети жылда мөңгү 60 мге тартылган, калыңдыгы 14,5 мге чейин жукарган, б. а. 0,48 км2 аянты эрип кеткен, ал 5376 миң м3ди түзгөн. Мөңгүдөн Караколдун оң курамы Көлтөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2