Чыгыш уюнтөр мөңгүсү

Википедия дан

Чыгыш уюнтөр мөңгүсүЫсык-Көл өрөөнүндө, Тескей Алатоонун түн. капталында жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 6,3 км, аянты 8,7 км2.

Каракол суусунун оң курамы Уюнтөрдүн башында. Башы деңиз деңг. 4850 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Башы татаал цирктерде жатып, анын камералары жылаңач аскалар м-н бөлүнүп, алардан орток мореналар башталат. Мөңгүнүн ортоңку ж-а жогорку бөлүктөрүнүн бети жаракалар ж-а омкорулган муздар м-н татаалданган. 1943- ж-а 1956-ж . аэро- фотосъёмканын материалдарын салыштырганда бул мезгилдин ичинде мөңгүнүн «тили» 320–350 мге чегингендиги айгинеленди. Мөңгүдөн Уюнтөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2