Чыйырчык ашуусу
Көрүнүш
Чыйырчык ашуусу — Түштук Кыргызстандагы Алай кырка тоосунун түндук капталында. Гүлчө менен Талдык сууларын бөлүп турган Кумбел тоолорунун жапыз бөлүгүндөгү бел. Оштон 65 км аралыктагы Бешконуш өрөөнү аркылуу чыгышты карай жүргөндө башталат. Бийиктиги 2402 м. Капталдары бир кыйла тик болгондугуна карабастан, ийри-буйру кеткен каптал жол (серпантин ) ага чейин бийик эместей сездирет. Ашуу аркылуу Ош — Хорог автомобиль жолу өтөт.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы. Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4