Чымылдык

Википедия дан
Lathyrus tuberosus

Чымылдык, шалбаа буурчагы (Lathyrus tuberosus) – чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусунун түрү. Көп жылдык, тамыры жиптей узун, сойлоп өсөт, ар кайсы жери түймөктүү. Төрт кырдуу уз. 40-100 см сабагы жалбырак мурутчасы аркылуу жанаша өсүмдүккө жармаша оролуп өсөт. Жалбырагынын жээги тегиз канаттай татаал жалбыракты түзөт, учу мурутчалуу. Чачыдай таажыча топ гүлү гүлгүн кызыл, жыпар жыттуу. Мөмөсү 3-6 буурчактуу чанак. Борбордук Азияда , Жерортолук деңиз жээгинде жаралган. Кыргызстанда аңыз, айдоо, шалбаа, арык жээгинде, огороддо таралган. Тамыр түймөктөрү кантка, крахмалга бай. Тамак катары желет. Малга жашыл массасы эң жакшы тоют.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]