Чынмачын

Википедия дан

Чынмачын, Чын-мачын, Чын жана Мачын — жалпы эле Кытай мамлекетинин аты (Чын — Түндүк Кытай, Мачын — Түштүк Кытай). Терминдин түпкү теги Цинь империясынын (биздин заманга чейин 221 — 207-ж.) атынын негизинде санскрит тилинде Кытайды Син деп, аны жан жагы Махасин катары берилишинен улам келип чыккан. Иран тилдерине ал Чын жана Мачын түрүндө өткөн. Махмуд Кашгаринин "Түркий тилдер сөздүгүндө" (11-кылым) Ч. (арабча Ас-Син) деп кытандар (кидандар) бийлеген Түн. Кытай аймагы жана ага коңшулаш жерлер, (арабча Ма-Син) деп Түш. Кытай чөлкөмү сыпатталган, Чыгыштагы кыргыздар Ч-га коңшу көрсөтүлгөн.

Ч. термини кыргыз сөз жыйымына Ортоңку Чыгыштагы элдердин географиялык билиминин таасири иретинде кирген. Ал эми Орхон-Эне-Сай жазмаларынын маалыматтарына караганда, алгачкы феодализм доорундагы Эне-Сай кыргыздарды жана башкалар түрктөр Кытайды (ханзу элин) "табагач" деп атаган. Махмуд Кашгари да "тавгачлады" сөзүн "мачындык катары эсептеди" деп которот да, Табагачты, башкача айтканда Ма-Синди "Жогорку-Син" деп, Син, башкача айтканда кытандар өлкөсүн — "Ортоңку-Син" деп, Кашкарды "Төмөнкү-Син" деп коюшарын жазат. Демек түрк элдеринде "Кытай" сөзү алгач кытандардын Ляо империясынын (10—12-кылымдардын башы) аймагы — Түштүк Кытай жана Чыгыш Моңголиянын, соңку феодализм доорунда жалпы эле Кытайды билдирип, орус лексикасына ушул мааниде өткөн. Санскрит-ирандык Ч. термини азыркы кыргыз фольклоруна байланыштуу 16-кылым эле эскерилет. Аныктап айтканда, Сайф-ад-дин Ахсыкентинин "Мажму ат-таварих" эмгегинде ал Ак-Чын, Кара-Чын деген генеонимдери иретинде эскерилет. Мында Кара-Чын ысымы "кара-кытай" этнониминен келип чыгуусу мүмкүн.

Ч. "Манас" эпосунда кытай, калмак өлкөсүнүн жана калкынын аталышы катары берилет (Сагымбай Орозбаков, 1. 150). Айрым жерлерде бул термин кытай шаарынын бири (топоним) катары да айтылат: "Шаарым менин Чынмачын" (Сагымбай Орозбаков, 4. 279). Ч. термининин биринчи компоненти эпосто өз алдынча топо, — антропоформат иретинде колдонулган. Каканчы (н), Чын-Бээжин, Чыңшаа топонимдери "Кытайлык шаар Какан", "Кытайдын баш калаасы Бээжин", "Кытай шаасы (шахы)" дегенди туюндурат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4