Чыныбаев Садыкбек

Википедия дан

Чыныбаев Садыкбек (20. 1. 1943-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - эмгектин ардагери.

Пржевальский шаарындагы эки жылдык бухгалтерлик курсту (1961) жана Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1972).

Эмгек жолун Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда башкы бухгалтер болуп баштап, кийинчерээк төраганын орун басары болуп иштеген.

1982-88-жылдары Суусамыр совхозунда башкы бухгалтер, директор.

1994-ж. Суусамыр району уюшулганда «МиңБулак» совхозунун директору болуп эмгектенген.

Учурда ардактуу эс алууда.

Кырбаш уруусунан.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыныбаев Билалдын атасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9