Чыныгы тыңчылар

Википедия дан

"Чыныгы тыңчылар" (англ. Totally Spies!) - Венсан Шалвон-Демарси жана Давид Мишель ойлоп тапкан, Marathon Media Group жана Image Entertainment Corporation тарабынан чыгарылган француз-канадалык анимацияланган шпиондук күлкүлүү окуялуу телесериалы. Негизинен мультсериал анимеге окшоштурулуп, "кыздар тобу" концепти менен жаралган. Мультсериалда Беверли-Хиллзте (Калифорния, АКШ) жашап жашырын супер агенттер болуп иштеген үч өспүрүм кыздардын окуялары баяндалат.

"Чыныгы тыңчылар" АКШда биринчи жолу ABC Family каналында 2001-жылдын 3-ноябрында көрсөтүлгөн. Мультсериалдын бетачары Францияда TF1 каналында 2002-жылдын 3-апрелинде, Канадада болсо Teletoon каналында 2002-жылдын 2-сентябрында өткөн. Мультсериалдын көрсөтүлүп башталганынан алтынчы сезонунун аягына чейин 156 эпизоду экранга чыккан. Алардын ичине төртүнчү менен бешинчи сезондордун арасында чыккан бир канча атайын жана сахналык сериялары да кирет. Мультсериал жер жүзү боюнча 150дөн ашык аймактарга көрсөтүлгөн. Мультсериалга байланыштуу бир канча комикс китептердин жана видео оюндардын өндүрүш линиялары чыккан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]