Чыпка

Википедия дан

Чыпка, фильтр (лат. filtrum - кийиз) -

1) тозгучтун жардамы менен катуу жана суюк фазадагы, бирдей эмес системаларды бөлүүчү, коюлтуучу же тундуруучу түзүлүш. Мындан башка Чыпка деп эритмелерди туздардан тазалоочу, полимердик иондорду иониттердин жардамы менен фракцияларга бөлүүчү, кандайдыр бир жыштыктагы үн жана электромагниттик толкундарды өткөрүүчү же кармап калуучу түзүлүштөр дагы Чыпка деп аталат. Бирдей эмес системалардын түрүнө жараша Чыпкалар суюктук Чыпкасы жана газ Чыпкасы болуп бөлүнөт. Суюктук Чыпкасы суспензияларды Чыпкалоо үчүн колдонулат. Газ Ч-лар болсо, аэрозолду жана газды тазалоо үчүн колдонулат. Чыпкалар көбүнчө ишканалардан бөлүнүп чыккан айлана-чөйрөгө булгоочу заттардын көлөмүн азайтуу, мүмкүн болушунча булгообо ж. б. максатта пайдаланылат. Мис., ТЭЦтердин морлоруна кийгизилүүчү Чыпкалар, агын сууларды тазалоочу ж. б. Чыпкалар чыпкалоочу катмарларына ылайык бир, эки жана көп катмардуу; чыпкалоо ылдамдыгы боюнча - жай, тез жана өтө тездиктеги; басым боюнча - ачык (напору жок) жана напорлуу (басым астындагы) ж. б. болуп бөлүнөт.

2) электрдик ар кандай жыштыктагы электр термелүүсүн бөлүүчү түзүлүш. Ал сыйымдуулугу жана индуктивдүүлүгү тандалып алынган, конденсатор жана дросселдик катушка менен туташтырылат. Чыпка өткөрүүчү чектен тышкары тилкедеги термелүү жыштыгын акырындатат. Төмөнкү жана жогорку жыштыктуу, тилкелүү, тосуучу Чыпка болуп айырмаланат. Ал байланыш техникаларында (телефон, радио, т. ж-дун көмөкчү станциясы ж. б.) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4