Чырганактуу мөңгүсү

Википедия дан

Чырганактуу мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Мүдүрүм суусунун алабындагы Кеңтөр суусунун төрүнөн орун алган. Уз. 8,2 км, жалпы аянты 16,2 км2, а. и. абляция облусунун аянты 4,9 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чеги 4460 м. Фирн топтолуучу аянты кеңири, анча бийик эмес тик беттер м-н курчалган оёң сымал цирк. Азыркы мезгилде ал өзгөрүүсүз бир калыптагы абалда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2