Чыңалуу

Википедия дан

Чыңалуу -

1) механикалык - сырткы таасирден деформациялануучу нерседе пайда болгон ички күчтөрдүн чени. Ч-ну изилдөөдө нерсе бир чекит (М) аркылуу кесилет. Ушул кесилиш боюнча тийишип турган нерсенин эки бөлүгүнүн өз ара аракети күч аркылуу (нормалдуу ) белгиленет. Эгер М чекитин курчап турган AS аянтчага ДР ДР күчү аракет этсе, анда lim =р предел катышы AS аянтчасы боюнча М чекитинин Чыңалуусу делет. Бул чоңдук - вектордук чондук. Муну кесилиш тегиздиги боюнча багытталган жаныма (т) жана ага перпендикуляр багыттагы нормаль (а) түзүүчүлөргө ажыратса, анда Р2= а2+т2 болот. Бүт кесилиштеги Ч. векторлорунун жыйындысы ошол чекиттеги Чыңалууну мүнөздөп, Чыңалуу тензору менен аныкталат. Серпилгич деформация үчүн Чыңалуу менен деформациянын ортосундагы байланыш Гук мыйзамы боюнча аныкталат. Тажрыйбада Чыңалуу тензометрия методу менен изилденет.

2)электрдик бирдик оң зарядды электр талаасынын бир чекитинен башка чекитке которуу жумушу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4