Чүй талаасы

Википедия дан

Чүй талаасы - Алтайдын түштүк-чыгышындагы тоо аралык ойдуң; түндүгүнөн Курай, түштүгүнөн Түштүк Чүй кырка тоолору менен чектешет.

Чүй дарыясынын жогорку агымында. Уз. 70 кмге жетет. Бийиктиги 1750-2200 м. Климаты катаал - суук (абанын жылдык орточо температурасы -6,7°С, абсолюттук минумум -62°С, максимум 31°С) жана кургакчыл (жылдык жаан-чачындын саны 80-150 мм, анын 2/3си жайында жаайт). Көп жылдык тоңдун калыңдыгы 15-90 м. Чихачёв кырка тоосунан агып түшкөн Кызылшин жана Юстыд сууларынын кошулушунан Чуй дарыясы башталат. Ага түндүк-батыштан Чаган-Узун суусу келип куят. Бул агын суулар Чүй талаасынын чегинде жай агат. Ойдуңда тереңдиги 5 лгден ашпаган майда көлдөр (аянты 100 м2ден 1 км2те чейин жеткен) көп. Алардын көпчүлүгү туюк. Айрымдарынын жээгинен дары баткак кендери табылган. Шор жана кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүктөр - катуу өзөктүү чөптөр (чыгыш ак кылканы, чөл буудайыгы, аска ыраңы ж. б.), бадалчалар жана бадалдар (төө куйрук, шыбак, тармал чөп ж. б.) өсөт. Көл жээктери камыш менен капталган. Манул мышыгы, корсак түлкүсү, түрдүү коёндор, кемирүүчүлөр, сойлоочулар (чаар жылан, калкан тумшук, сойлок ж. б.) мекендейт. Агын суулары балыкка (мис., хариуска) бай. Көл жээктеринде көптөгөн келгин куштар (өрдөк, каз, ак куу, турна ж. б.), тоолордо жырткыч куштар (ителги, таз кара, ак кажыр) уялайт. Чүй талаасыжайыт катары пайдаланылат. Ойдуңда жайгашкан калктуу конуштар: Кош-Агач (Алтай Респ., Кош-Агач районунун борбору), Кокоря, Бельтир, Ортолык, Жана-Аул, МухорТарахата, Тебелер, Актал. Ойдуң аркылуу РФ менен Монголияны байланыштыруучу Чүй тракты (чон даңгыр жолу) өтөт.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4