Чөп таңгактагыч

Википедия дан

Чөп таңгактагыч - чөптү (саманды) ныктап, зым же жип менен таңуучу айыл чарбасы машинасы.

Чөп таңгактагыч көчмө же орнотулган, иштөө принциби боюнча камералуу жана түрмөктөмө болуп айырмаланат. Ал чабылган чөптү солдон жыйнап, кырлуу кылып таңгактайт. Таңгактын уз. 80-90 см, туурасы 50 сж, бийиктиги 30 см, ал эми түрмөктүн уз. 85 см, диаметри 30-50 см. Иштөөчү органы трактордун валынан кыймылга келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4