Шаар агломерациясы

Википедия дан

Шаар агломерациясы (лат. agglomero - кошулам, чогулам) аймагы кеңейип жаткан ири шаар айланасындагы башка калктуу конуштар.

Шаар агломерациясы өндүрүш күчтөрүнөн, өнөр жай ишканаларынын, инфраструктура объектилеринин, илим жана билим берүү мекемелеринин көптүгү, ошондой эле калктын жыштыгы менен айырмаланат. Бири-бирине жакын жайгашкан Шаар агломерациясылары өсүп отуруп, аймактык жактан биригип кетсе мегаполистер пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4