Шаар куруу маданияты
Көрүнүш
Шаар куруу маданияты – шаарларды жана отурукташуунун башка типтерин куруу процессинде кайра болгон социалдык, материалдык жана руханий (көркөм) баалуулуктардын коом тарабынан иштелип чыккан комплекси. Ш. к. м. – бул билим менен идеялардын жыйындысы жана ошондой эле коомдун көркөм табити жана анын жетишкен материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен жол-жоболорунун негизинде жаңы турак жайларды долбоорлоп, куруп, мурункуларын реконструкциялоочу адистердин чыгармачылык ишмердигиндеги багыт болуп саналат. Ш. к. м. коомдук өнүгүүнүн ушул этабында болуп жаткан жана ушул жашоо чөйрөсүндөгү жол-жоболорду чагылдырат. Ш. к. м. 1981-ж. О. А. Швидковский жана Гольдзамт тарабынан киргизилген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004