Шагиева, Алия Алмазбековна

Википедия дан

Алия́ Алмазбе́ковна Шаги́ева (1997-жылы 15-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн) — сүрөтчү, графист, иллюстратор. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бала чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алия Шагиева 1997-жылдын 15-декабрында  Алмазбека Атамбаевдин (2011-жылы Кыргызстандын президенти болуп шайланган) жана Раисы Атамбаеванын (дарыгер, медицина илимдеринин доктору) үй-бүлөсүндө туулган.

Алия апасынын фамилиясын алып жүрөт – көп жылдар бою тегин жашырып жүргөн. Маектеринин биринде ал мектепте түнт бала болгонун айткан: башкалар аны “боюн көтөргөн кыз” деп ойлобошу үчүн өзүн өзгөчө караган эмес.

Ал бала кезинде болочок кесибин сүрөтчүлүк менен байланыштырган эмес – ал пластикалык хирург болгусу келчү.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишкек шаарындагы №29 мектепте окуган. Мектепти аяктагандан кийин 2013-жылы Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясына  тапшырган. Буга кошумча Санкт-Петербургдагы  Н.К.Рерих атындагы көркөм окуу жайында билим алган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

·       2016-жылы Бишкекте анын “Метаморфозалар” аттуу биринчи көргөзмөсү өткөн. Ал сүрөттөрдү сатуудан түшкөн 200 миң сомду Даун синдрому бар балдарга жардам берген “Сантерра” кайрымдуулук фондуна которгон.

·       2017-жылдын октябрь айында Киевдеги “Триптих” галереясында жаш сүрөтчүлөр Айгүл Касымова менен Алия Шагиеванын “Көчмөн кыз” темасындагы сүрөттөр көргөзмөсүнүн ачылышы өткөн.

·       2018-жылдын июнь айында ал Бишкекте “Поток” көргөзмөсүн өткөргөн, анда анын графика, живопись, видеоарт боюнча эмгектери коюлган.

·       2019-жылдын ноябрь айында Парижде (69 rue de Grenelle, 75007) “Бир жолу…” (“Once upon the time”) аттуу жеке көргөзмөсү өткөн.

·       2021-жылдын 12-декабрында Алия Чынчылдык үйүн ачкан.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Күйөөсү: Константин Рязанов (1992-жылы төрөлгөн), программист.

·       уулу Таир,

·       кызы Аюна.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир тууган иниси Кадырбек; аталаш бир туугандары: Сейитбек жана Сейтек; эжелери: Диана жана Динара.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.   ↑ Как дизайнер Айгуль Касымова ведёт бизнес…

2.   ↑ Алия Шагиева и обычный 22-летний программист Константин Рязанов познакомились…

3.   ↑ 27 фактов о дочери А. Атамбаева, которая никогда не пойдет в политику…. limon.kg.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

·       Алия Шагиева никогда не пойдет в политику, не ест мясо и зарабатывает на картинах.

·       Шагиева Алия Алмазбековна — өмүр баяны.