Шайа Лабаф

Википедия дан

Шайа Саид Лабаф (англ. Shia LaBeouf;I / ʃaɪ.ə ləbʌf /; 1986-жылдын 11-июнунда туулган) - америкалык актер жана кинорежиссер. Ал Дисней каналы аркылуу көрсөтүлгөн "Стивенстер үй бүлөсү" (англ. Even Stevens) сериалында Луис Стивенстин ролун ойноп, 2001-жылы "Жаш актер" (англ. Young Artist Award) сыйлыгына көрсөтүлгөн жана 2003-жылы "Күндүзгү Эмми" сыйлыгын алган Актердун тасмадагы дебюту Луиса Сейкердин «Аң» деген романынын негизинде тартылган "Кенч" (англ. Holes, 2003) тасмасындагы ролдон башталган. 2004-жылы, ал "Жек көрүүнү сүйүү"(англ. Let's Love Hate) кыска метраждуу тасмасында алгачкы жолу режиссер болгон. Тасмага америкалык репчилер Кейж менен Кид Кадини чакырган.

2007-жылы актер жакшы киреше алып келген "Паранойя" ( англ.Disturbia) жана "Толкунду карма" ( англ. Surf's Up) деген тасмаларда ойногон. Ошол эле жылы режиссер Майкл Бэйдин "Трансформерлер" (англ. Transformers) деген илимий-фантастикалык тасмасына Сэм Уитвикинин ролуна чакырылган. Ар түрдүү талаш-тартыш жараткан пикирлерге карабастан "Трансформерлер" (англ. Transformers) прокаттагы 2007-жылдын эң кирешелүү тасмасы болгон. Шайа Саид Лабаф "Трансформерлер" тасмасынин уландысы "Трансформерлер: Өч алуу" (англ. Transformers: Revenge of the Fallen, 2009) жана "Трансформерлер: Айдын караңгы жагы (англ. Transformers: Dark of the Moon, 2011) деген тасмаларда тартылган, экөө тең прокатта жакшы киреше алып келген. 2008-жылы, "Индиана Жонс жана хрустал баштуу падышачылык" (англ. Indiana Jones and the Kingdom of the Crystal Skull) тасмасынын төртүнчү бөлүмүндө Генри Уильямс / Генри Жонс Үчүнчүнүн ролун аткарган. Анын башка тасмалары- "Уолл-стрит: Акча уктабайт" (англ. Wall Street: Money Never Sleeps, 2010) жана "Мыйзам бузгандар" (англ. Lawless, 2012), "Сен жүргөн топ" (The Company You Keep, 2012), "Нимфоманка"(англ. Nymphomaniac, 2013) жана "Каар" (англ. Fury, 2014). 2014-жылдан тартып Шайа Лабаф, Настя Ренкке жана Люк Тернер менен бирге искусство боюнча долбоорлордо эмгектенип келген.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018-жылдын сентябрында жубайлар ажырашып, ажырашууга арыз бергени жарыяланды.[1] Бирок, 2022-жылдын февралында Готтун биринчи баласына кош бойлуу экени кабарланган.[2] Алардын 2022-жылдын мартында төрөлгөн кызы бар.[3][4]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]