Шайлоо округу
Көрүнүш
Шайлоо округу – шайлануучу өкүлчүлүк органдарынын мүчөлөрү шайлана турган аймактык бирдик. Ш. о. жалпы мамлекеттик (теңдеме шайлоо тутумунда, мамлекет башчысын шайлоодо) жана аймактык (такай мажоритардык, кээде теңдеме шайлоо тутумунда) болуп бөлүнөт. Ар бир Ш. о-нан канча депутат шайлана тургандыгына жараша, бир мандаттуу (униноминалдык) же көп мандаттуу (полиноминалдык) болушу мүмкүн. КРде Ш. о. бир мандаттуу аймак (бир мандаттуу аймактык Ш. о.) – бир депутат гана шайлана алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7