Мазмунга өтүү

Шайлоо укугу

Википедия дан

Шайлоо укугу — жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга укук бере турган конституциялык ченем.

Кыргызстанда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага талапкерлерди тандоого, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоонун жүрүшүнө, шайлоо комиссиясынын ишине байкоо жүргүзүүгө, добуш берүү жыйынтыгын аныктоого, шайлоо жыйынтыгын чыгарууга ж.б. шайлоо аракеттерине катышууга болгон укуктар да кирет:

а) активдүү шайлоо укугу — Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдары (президент, парламент ж. б.) менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (муниципалдык ж. б.) шайлоолорго катышуу укугу. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылган ишине юридикалык жактан жооп берүүгө жөндөмсүз деп сот тарабынан табылган же соттук өкүм тарабынан түрмөдө отурган жарандардан тышкары, жашы 18ге толгон бардык жарандар катышууга укуктуу болуп эсептелет;

б) пассивдүү шайлоо укугу — Кыргызстандын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга болгон укугу.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4