Шайыр

Википедия дан

Шайыр (ар.– акын, ырчы) – ырчы, акын. Чыгышта, айрым түрк элдеринде жазма жана оозеки поэзия жаратуучулардын баары ушундайча аталган. Бул термин ушул маанисинде көбүнчө түштүктүк кыргыздарда колдонулат.
Мисалы:

Шайыры болбой эл болбойт,

Шагылы болбой жер болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004