Шакен Жоробекова

Википедия дан

Жоробекова Шакен (1944-ж.т., Коргон-Сай айылы, Чаткал району, Жалал-Абад облусу) -

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1987). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).

  • Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн.
  • 1969-72-жылдары Шакафтар айылындагы жатак мектебинин мугалими, Ала-Бука райондук маданият үйүнүн башчысы,
  • 1972-жылдан Ала-Бука райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
  • Жыгач жана темир ооз комузда чебер аткаруучу, күүчү катары белгилүү.
  • Жыгач ооз комузду алгачкы жолу журтчулукка алып чыккан жана ансамбль уюштурган.
  • «Күкүк», «Ботонун боздошу», «Жайлоодо», «Боз үй» «Ашууда», «Чаткалым» ж.б.күүлөрдүн автору.
  • 1977-ж. Москвада өткөн эл таланттарынын Бүткүл союздук 1-фестивалынын лауреаты.
  • Көптөгөн республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6