Шалбаа таануу

Википедия дан

Шалбаа таануушалбаа жөнүндөгү илим; геоботаниканын (биогеоценологиянын) бир бөлүгү; шалбаачылыктын илимий негизи.

Шалбаа таануунун негизги милдеттери: шалбаа типтерин аныктоо, мүнөздөө. алардын таралыш мыйзам ченемин. шалбаа биогеоценозунун кыймыл-аракетин (динамикасын) жана түзүлүшүн аныктоо, шалбаа өсүмдүгүнүн биологиялык экологиялык жана чарб. жагына тиешелүү өзгөчөлүгүн изилдөө. Шалбаа таанууда кыдырма жана орунтуктуу ыкма колдонулат. Биринчисинде шалбаа тиштери, алардын айрым аймакта же чарбада таралышы аныкталып, картага тартылат. Бул шалбаачылык ыкмасын райондоштурууну, шалбааны туура пайдаланууну камсыз кылат. Экинчисинде шалбаа биогеоненоздорунун өзгөрүшүн (белгилүү мезгилде. жылда, табигый шартта, ар түрдүү себептен), өсүмдүктөрдүн көбөйүшүн ж. б-ды аныктоо үчүн типтүү участкалар изилденет. Шалбааны рационалдуу пайдалануу жана жакшыртуу чараларын иштеп чыгуунун илимий негизи түзүлөт. 19-кылымда шалбааны кыдырып жана орунтуктуу изилдөө жүргүзүлгөн, мисалы, Ротемстед тажрыйба станциясында (Улуу Британия). 20-кылымдын башында Россияда A. К. Каяндер Лена, Онега, Кемь д-ларынын боюндагы шалбаа өсүмдүктөрүн. А. М. Дмитриев Түндүк Двина жана Жогорку Волга боюндагы шалбааны изилдеген. Тверь, Владимир, Воронеж, Симбирский ж. б. губернияларда башталган шалбаа изилдөө Октябрь революциясынан кийнн бардык область, республикаларда жүргүзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.