Мазмунга өтүү

Шалом-Алейхем

Википедия дан

Шалом-Алейхем (өз аты-жөнү - Шолом Нохумович Рабинович; 18. 2(2. 3.) 1859, Украина, Переяслав ш. - 13. 5. 1916, Нью-Йорк) - еврей жазуучусу.

Чыгармаларын еврей (иврит, идиш), орус тилдеринде жазган. «Сендер Бланк...» (1887), «Стемпеню» (1888), «Иоселе-Соловей» (1889), «Ташкын» (1906), «Катуутамаша» (1912), «Ярмаркадан кайтканда» (1915) романдарынын, ошондой эле «Чон утуш» (1915) драмасынын ж. б. чыгармалардын автору. «Сүт сатуучу Тевье» (кыргызчасы - 1966), «Бала Мотл» (1907) аңгемесинде карапайым адамдын, жаны замандын белсемдүү күрөшүүчүсүнүн кебете-кепширин түзгөн. Падышалык Россиядагы чыгармачыл инсандын жана Америкадагы еврей эмигранттарынын тагдырына «Адашып жүргөн жылдыздар» (1900-11) аттуу романын арнаган. Ш.-А-дин чыгармачылыгы еврей адабиятын дүйнөгө таанытууда зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4