Шамшы кенчи

Википедия дан

Шамшы кенчи – 4–5-кылымдагы көчмөн уруулардан калган мүрзөлөр, Кочкор районунун Шамшы айылынан 1976-жылы табылган. Кенчте б. з. ч. 2-миң жылдыктын 2-жарымына тиешелүү 27 буюм (балта, балка, көзөөч, керки, орок, найзанын башы, устара, күзгү, того, шакек, илгич, шибеге, төөнөгүч жана башка) болгон. Кенч 0,30–0,40 см тереңдикте жайгашкан. Шамшы кенинен табылган көпчүлүк буюмдар Жетисуу, Фергана, Казакстан, Алтайды бириктирген андрон маданиятында кездешкен металл буюмдарга окшош. Шамшы ккенин изилдеген Ы. Кожомбердиевдин жана Е. Е. Кузьминанын айтымында устаранын табылышы батыш аймактар менен байланышы болгондугун айгинелейт. Шамшы кенчин Н. В. Рындина, А. Д. Дегтярева, В. Д. Рузанов химиялык-технологиялык жактан изилдешип, аларды даярдоонун ыкмаларын, эзелки кол өнөрчү-лөрдүн деңгээлин жана буюмдардын келип чыгыш маселелерин чечүүгө жардам беришкен. Буюмдардын көпчүлүгү жез менен калайдын куймасынан калыпка куюлуп жасалган. Калыптан чыгарылгандан кийин жылмалангандыгы, оңдолгондугу баамдалат. Куралдарды чыңоонун алдында ысытышкан, муздак чабылгандары да бар. Технологиялык изилдөөлөргө караганда бирдиктүү металл иштетүү ыкмасы болгон. Жасоо ыкмалары коңшу аймактарга окшош болсо да, жергиликтүү уздар жасагандыгы анык.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.