Шариат

Википедия дан

Шариат (араб. шариа – түз, туура жол; милдеттүү озуйпалар; укук; мыйзам) – мусулманчылык укуктардын жана теологиялык ченемдердин, баарынан мурда Куранда жана сүннөттөрдө белгиленген жана исламда кудай белгилеген «түбөлүк жана өзгөрүлбөс» деп жарыяланган беренелердин жыйнагы. Ар тараптуу ченемдик тутум катары түшүнүлгөн Ш. көбүнесе мусулмандардын диний мыйзамы деп да аталып жүрөт. Ушул мааниден алганда Ш-ты көп учурларда мусулман укугу менен тең катарда карап жүрүшөт. Иран, Судан, Пакистан жана Азиянын биркатар башка өлкөлөрүндө түздөнтүз колдонуудагы укук болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]