Шарп Уильям

Википедия дан
Шарп Уильям (2007)

Шарп Уильям 1934-ж. Бостондо төрөлгөн.

1956-ж. Калифорния университетин бүтүргөн. 1961-ж. Марковицтин жетекчилиги астында трансферттик баалардын экономикасы боюнча илимий изилдөөнү аяктайт. Ал эми 1964-ж. бүгүнкү финансы илиминин маанилүү идеяларынын бири болуп эсептелген капиталдык активдердин баа түзүү моделдеринин негизин жазып чыккан. Бул модель, финансылык активдердин баасын күтүлгөн кирешенин жана тобокелге салуу деңгээлинин негизинде аныктоону баяндайт. 1990-ж. Нобель сыйлыгына татыган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9