Шаршеев Элчибек

Википедия дан

Шаршеев Элчибек Карапачы. 1955-ж. Жумгал районундагы Кайырма (азыр Байзак) айылында төрөлгөн.

Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайынын колдонмо-жасалга бөлүмүн, КМУнун тарых этнография факультетин бүткөн. 1978-ж. Бишкектеги элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесиптик техникалык окуу жайын уюштурууга жигердүү катышып, сөөк, мүйүз, карапа бөлүмдөрү боюнча мугалим-чебер, директордун орун басары болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү отличниги. Элчибек карапачылык өнөрдү колго алып, 1973-жылдан кароо-сынактарга, көркөм көргөзмөлөргө катышууда. Ал карапа буюм-тайым жасоодо, чыгарма түзүүдө жердикке абалы Жумгалдагы Кара-Кеченин ак топурагын арбын пайдаланса (ал топурак азыр Сокулуктагы фарфор заводунда иштетилет), кийин Ивановканын топурагын, Таластын сары топурагын, Көлдүн Кажы-Сайынын көгүш топурагын да пайдаланууда. Чебер адегенде жасалуучу буюмунун үлгүсүн (эскизин) кагазга түшүрөт. Анан топуракты жууруп, ийлеп, калыпка түшүрүү, дүкөнүнө коюп иштетүү, чаптоо (тоголоктоп чаптоо), кургатып боёо, топуракты бышыруу, сыртын суу өтпөгүдөй жылтыратуу (глазурлоо) сыяктуу жолдорунан өткөрөт. Мындан колдонмо-жасалга вазалары, идиштер (челек, табак, көөкөр, аяк, кесе, чай чыны), дубалга илинүүчү кооздук буюмдар жаралат. Ал сөөк, жыгач, мүйүзчүлүктү да мыкты өздөштүргөн. Элчибектин устакерчилик таасирин алган Сатыбеков Таалайбек (мүйүз, сөөк чебери), Кылычбеков Эрмек (өзү менен бирге узанат), Кулуев Канат (айнек заводунун карапа цехиңде уста), Бейшебаев Садык, Адылов Марат (жыгаччы, окуу жайынын директорунун орун басары) өңдүү шекиттери бар. Катышкан кароо-сынактары, көркөм көргөзмөлөрү жана алган сыйлыктары 1985-ж. Эл чыгармачылыгынын Дүйшөнбүдө өткөн Бүткүл союздук I фестивалы. Карапа жасалгалары үчүн II орун, диплом. 1987-ж. Эл чыгармачылыгынын Москва шаарында өткөн II фестивалы. Сөөк шахматы, вазалары, фигуралары, идиштери үчүн II орун, күмүш медаль, диплом. 1989-ж. Эл чыгармачылыгынын Бишкекте өткөн көркөм көргөзмөсү (кесиптик-техникалык билим берүү системасынын). Көркөм карапа буюмдары үчүн 1 орун, диплом.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0