Шаттык жана оомат клубу

Википедия дан

"Шаттык жана оомат клубу" (англ. The Joy Luck Club) - 1989-жылы жазылган Эми Тандын романы. Бул романда Кытайдан Сан-Франциского көчүп барган төрт үй-бүлөнүн жашоосу баяндалып, алардын ар түрдүү тамактарды мемиреп жатып акчага мажонг ойногону жана атайын клуб ачканы сүрөттөлөт. Китеп мажонг оюнунун түзүлүшү боюнча түзүлүп, 16 бап чыгарыш үчүн, 4 бөлүккө үлөштүрүлгөн 4 бөлүмдөн турат. Үч эне менен алардын төрт кыздары (Сүань Ву атту эне, романдын ачылышына чейин каза тапкан болот) кичинекей окуялар аркылуу өздөрүнүн жашоо окуялары менен бөлүшүшөт. Ар бир бөлүмдүн башында мажонг оюнуна тийештүү бир тамсил айтылат.

1993-жылы роман, режиссер Уэйн Вангтын жетекчилигинде, Миң-На, Лорен Том, Тамлин Томита, Франц Нгуен, Розалинд Чао, Кү Чинх, Цай Чин, Лиза Лу жана Вивиан Ву тартылган көркөм тасмага адаптацияланат. Тасма сценарийин Эми Тан Рональд Бас менен бирге жазган. Роман, Сүзан Кимдин пьесасына адаптацияланып, бетачары Нү-Йорктогу Pan Asian Repertory Theatre театрында өткөрүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]