Шахада
Бул макалага шайкеш категориялар кошулган эмес. Сиз категорияларды таап, же жаңы ачып макалага кошуп, долбоорго жардам бере аласыз.
|
Бул макалада грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык каталар бар. Макалада кыргыз тилинин грамматикалык, орфографиялык же пунктуациялык ченемдери сакталгандыгын текшерүү зарыл. Бул макаланы оңдоп, долбоорго жардам бере аласыз.
|

Шаадат (күбөлүк) келмеси – адамдын исламга киришиндеги эң алгачкы баскыч. Бул келме - Жараткан Алланын бар жана бир экендигине ишенүү менен бирге акырзаман пайгамбары Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгын ырастап, ага өз жанын күбө кылышы маанисинде айтылган ишеним сүйлөмү. Бул себептен улам шахадат келмеси – диндин пайдубалы.
Шаадат келмеси – бул, أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلاَّ اللّٰهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ محَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ (Ашхаду ан лаа илаха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух) деген сөздү тил менен айтып, дил менен ырастоо. Анын терең маанисине көңүл бурсак, исламга таандык калган бүткүл ишенимдерди өз ичине камтыганын көрөбүз. Курандын бардыгы шахадат келмесинин түшүндүрмөсy жана чечмелениши деп айтсак, жаңылбайбыз.