Шаховит

Википедия дан

Шаховит (орус геологу Ф. Н. Шаховдун ысмынан аталган) - гидроксиддерге таандык минерал, Hg+Sb5+03(0H)3.

Ачык жашыл түстү, алмаздай жылтырайт, тунук. Катуулугу 3-3,5, тыгыздыгы 8,38 г/см3. Биринчи жолу Кыргызстандагы Айдаркен сымап кенинде 1982-ж. табылып, изилденген. Ал каломель, эглестонит, терлингуаит, монтроидит, кузнецовит, тубаса нак сымап ж. б. менен чогуу кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4