Шахре сухте (Сухте шаары)شهر سوخته

Википедия дан

Шахре сухте (Сухте шаары)شهر سوخته[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахре сухте (сөзмө сөз котормосу: өрттөнгөн шаар) Ирандагы байыркы шаарлардын биринин калдыктары, Ирандын чыгыш тарабында Систан жана Балучестан облусунда Забул Захедан жолун бойлой орун алган. Аталган шаар Хелманд дарыя жээгинде курулган. Шаардын курулуш доору коло доорундагы Жируфт цивилизациясына таандык жана бул жерде 6000 жыл мурда болжол менен Зерванилер жашашкан. Шахре сухте 2014-жылы 22-январындагы 38-жыйынын негизинде ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган.

Шахре сухтенин ЮНЕСКОдогу маалыматтары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул аймак ЮНЕСКО тизмесинде катталган Ирандын 17-тарыхый курулушу катары саналат, ошондой эле өзүнүн 5000 жылдан ашуун тарыхы менен дүйнөдөгү алгачкы өнүккөн шаарлардын катарына кирет.

Археологиялык казуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сухте шаары Иран мамлекетинин Систан жана Белучистан облусунда жайгашкан, коло доорунун Жируфт цивилизациясына таандык байыркы тарыхый курулуштарынын бири болуп саналат. Шаар Хирманд дарыясынын жээгинде Захадан Забул көчөсүнүн жанында орун алган курулуш болуп саналат. Британия аскер башчысы Калнел Бит, Кажар доорундагы Систан облусуна сапар кылган, аталган аймакты өзүнүн жазууларында алгачкылардан болуп эскерип, өрттөн кийинки шаардын калдыктарын көргөн соң, жазуусунда аны Шахре сухте (өрттөнгөн шаар) деп атаган. Андан соң, Сер Аурел Стейн 1937-жылы аталган аймака сапар тартып, бир катар пайдалуу маалыматтарды баяндаган. Кийинчерээк 1967-1979-жылдары Шахре сухте аймагында Мартису Тузи жетектеген Италия археологдору тарабынан казуу жана изилдөө иштери аткарылган. Ал жерде Систан жана Белучестан облусунун маданий, өнөр жай жана туристтик мурастар уюму тарабынан азыркыга чейин казуу жана изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. Казуу иштеринин натыйжасында Зерванилердин диний буюмдары табылган.

Шахре сухтенин географиясы жана айлана чөйрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Археологдордун изилдөөлөрүнүн негизиндеги маалыматтар боюнча Шахре сухте 280 гектар аянтты түзөт, казуу жана изилдөө иштеринин натыйжасы боюнча Сухте шаары негизги беш бөлүкө бөлүнөт, алар: турак жай бөлүгү шаардын түндүк чыгыш тарабы, борбордук бөлүк, өнөр жай аймагы, тарыхый курулуштар бөлүгү жана мүрзөлөр жайгашкан аймак. Турак жай бөлүгү шаардын 70 гектар аянтын ээлейт. Азыркы учурда, аймак толук бойдон чөлгө айланып, чөл дарагынан башка эч нерсе өспөйт, бирок изилдөөлөр боюнча мындан 5000 жыл мурун аймак жашыл өсүмдүктөргө бай, дарактардын бир канча түрү жана климаты нымдуу болгон. Хамун көлү 3200 жыл мурда чоң көл болгон, ал эми Хирманд дарыясы жогоруда аталган көлгө суу куюп турган, азыркы учурда да Хирманд жана анын айланасындагы башка дарыялар мезгилдүү түрдө суу куюп турат. Бирок Афганистан жана Иран ортосундагы чек ара мамилелеринин кесепеттеринен, эки мамлекет ортосундагы келишимдин сакталбагандыгынан көлдүн кургашына, ал гана эмес аймактагы жалпы кургакчылыка таасири тийген. Хамун көлүнүн айланасында жыш бадалчалар жайгашкан. Казуу иштеринин натыйжасында, Шахре сухте аймагында арыктардын жана суу жолдорунун издери табылгандыктан аймакта айыл чарба иштери жүргүзүлгөндүгү далилденген. Хирманд дарыясы Систан аймагынын чөлдүү кумуна көмүлгөнгө дейре Нил дарыясына окшошуп дарыянын жээгиндеги жерлерди сугарып, суу ташкындаганда жээк аймактарына чоң таасир тийгизип турган жана айланадагы топурактын сапатын айыл чарба иштерине ыңгайлуу кылып турган. Ошондон улам дарыя жээгинде жашаган адамдар жер иштетип, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүшкөн. Аймак ошол доордо да өтө ысык болгон, бирок суу дарыяда көп болгондуктан жээктеги аймактар кургабай суугарылып турган. Шахре сухте Забул шаарынан 55 км. алыстыкта жайгашкан. Шаар цивилизациясы байыркы дүйнөнүн таң калаарлык көрүнүштөрүнүн бири болгон. Буларга археологиялык казуулардагы табылган буюмдар далил болуп берет. Шахре сухте аймагындагы акыркы жылдардагы археологиялык казууларда табылган буюмдар, коло доорундагы Зерванилер цивилизациясынын борбордук аймагы таандык экени жана ал негизги шаар болгондугу тастыкталган.

Турак жай аймагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахре сухтенин турак жай аймагы казуу иштери жүргүзүлүп жаткан жердин түндүк чыгыш тарабынан орун алып, шаардын 80 гектар бөлүгүн түзөт.

Мүрзөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы Систан жана Белучестан облусунун Шахре сухте аймагындагы табылган алгачкы чопо идиши болгон. Археологдордун казуу иштери боюнча, Шахре сухте аймагынын кээ бир тургундары кийим жана кездемелери менен кошо көмүлгөн. Кээ бир мүрзөлөрдө адамдардын сөөгүнө жабылган кездемелерди байкоого болот. Кездемелер мүрзөлөрдө үч түрдө жабылган: Кепин түрүндө, сөөктү кездемеге орошкон Кийим түрүндө, кездемелерди сөөктүн алдына жана үстүнө жабышкан Сөөктүн алдына кездеме төшөшкөн, адамды кийими менен көмүшкөн. Негизги материал болуп чопо эсептелген, ал баардык мүрзөлөрдө сөөк менен кошо көмүлгөн. Андан сырткары сөөк менен кошо көмүлгөн буюм болуп таштан, жыгачтан жана кездемеден жасалган буюмдар саналган.

Сухте шаарындагы өнөр жай жана ишкердик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сухте шаары өнөр жай жана кол өнөрчүлүк ишмердигинин борбору болгон, алтынчы жолку казуу иштеринде кымбат баалуу буюмдардын кызыктуу жана жаңы үлгүлөрү табылган. Андан кийинки казуу иштеринин натыйжасында маалым болгондой, аймакта чопо жана кол өнөрчүлүк иштерин аткаруу үчүн айланадагы дарактарды кыйып, шаар тургундары дарактарды жогорку иштерде колдонушкан. Археологдор мүрзөдөн алтын жана лазурдан жасалган кур жана башка буюмдарды табышкан, алар алтын жалатылган буюмдарды изилдеген соң төмөндөгүдөй тыянака келишкен; Сухте шаарынын кол өнөрчүлөрү буюмдарга алтын жалатууда өз доорунун жогорку деңгээлдеги технологияларын колдонушкан, алтын жалатылган баракчалардын калыңдыгы бир миллиметрди түзгөн. Сухте шаарында таш, чопо идиштеринин, кездемелердин көп түрлөрү табылган, бул менен катар бир канча өнөр жай түрү, өзгөчө текстиль өнөр жайы катуу өнүккөн. Бүгүнкү күнгө чейин Сухте шаарынан бир түстүү жана көп түстүү кездемелердин 12 түрү, балык кармоо кайырмагы казылып алынган жана ошондой эле изилдөөлөргө таянсак, шаар тургундары Хамун көлүнүн айланасында өскөн бадал, чий жана камыштардан килемче жана сабад токушкан. Камыштарды ошондой эле үйлөрдүн чатырын жабууда колдонуп келген. Балык кармоо жана кайырмак, тор токууну Сухте шаарынын тургундарынын жетишкендиктеринин бири катары карасак болот.

Жарандык система[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сухте шаары өз доорунун өнүккөн шаарларынын бири болгону шексиз. Мындай өзгөчөлүктөрү алардын бир гана архитектуралык курулуштарынан, кол өнөрчүлүгүнөн жана өнөр жайынан эмес шаардын социалдык башкаруу жана түзүлүшүнөн да байкасак болот. Шаар туруктуу жана тартиптүү түзүлүшкө ээ болгон. Тарыхый изилдөөлөргө таянсак, шаарда 3000 жыл мурун туруктуу жана тартиптүү суу менен камсыздоо системасы болгон. Археологдордун алгачкы казуу этабында, Сухте шаарынын көчөлөрүнүн жана үйлөрүнүн тартиптүүлүгү, чопо түтүктөрү аркылуу суу менен камсыздоо системасынын болгондугу тастыкталган. Зерванилердин башкаруу негиздери толук бойдон шаар архитектурасынын ыкмаларынан байкоого болот.

Соода сатык жана экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казуу иштеринде табылган Элам доорунун башталышына таандык такта жазуусу, аталган коом менен болгон соода сатык байланышын баяндап турат. Ошол доордун Систан эли Тигр жана Ефрат дарыясынын эки өйүзүндө жашаган адамдар менен соода сатык байланышы болгон жана бул байланыш кургак жер жана суу аркылуу Перс булуңунун жээги аркылуу өткөн. Месопотамия эли ушул жол аркылуу афган лазурь таштарын колдонгон; бирок Систан цивилизациясын Месопотамия же Египет цивилизациясы деп эсептөөгө болбойт, анткени бул жердин өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөрү болгон. Аймакты изилдөөдө жалгыз гана археологиялык казуулар жетишсиз экендиги тастыкталган. Ошол себептен он чакты адис италиядан казуу иштери жүрүп жаткан жерге келип микроскоптор, атайын изилдөө курал жарактары жана аппараттар менен 5000 жылдык цивилизацияны изилдешкен. Аны менен бир катар Япония адистери да Сухте шаарынын казуу иштерине өзүлөрүнүн кызыкдар экендигин билдиришкен, ал эми Италия адистери менен бирге Япониядан келген геологдор атомдук физика адистери менен бирге иш жүргүзүшкөн, изилдөө иштеринен алынган үлгүлөрдү “Полиомагнитик” жана “Ураниум 238” ыкмаларында ачыкка чыгарган. Аталган окумуштуулардын изилдөөлөрү Сухте шаарын толук бойдон б.з. чейинки 2900-жылдан 1900-жылга чейинки мезгил деп табышкан. 1000 жыл адамдын байыркылыгына салыштарганда анчалык таңкалаарлык эмес, бирок биз үчүн таңкалаарлык нерсе, ошол 1000 жылдыктын ичинде, аймактагы адамдар кандай жетишкендиктерди жасагандыгы, эбегейсиз шаар куруп, анда өнөр жайды өнүктүрүп, тартиптүү өлкө кургандыгы саналат. Аймактагы адамдар дин тутуп кошуна аймактар менен соода сатык байланышын түзүп, жогорку маданиятка жеткен. Тарыхый изилдөөлөрдөгү маалыматтарга ылайык жогорудагы аймактын эли биздин доорго чейинки 2900-жылдары азыркы Түркмөнстан жеринде отурукташкан эл менен жакын мамиледе болгон, ал эле эмес б.з. чейинки 1900-жылдары Пенжаб өрөөнүндө жашаган эл менен да жакын мамиледе турушкан. Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде тыянак чыгарсак, аймактын абалы шаар жашоосуна ылайык болгондуктан б.з. чейин 2900-жылдары түндүк тараптан Хирманд дарыясын жээктеп көчүп келишкен жана андан миң жыл өткөн соң Хирманд дарыясынын агымы өзгөргөн, ал эми аймактагы эл Пенжап тарапка көчүп, ал жерде эбегейсиз Мохенхудвару жана Харапа империясын түзгөн. Сухте шаарында табылган чопо идиштер Пенжап өрөөнүнөн табылган чопо идиштерге окшош. Чопо буюмдарынын бириндеги күндүн сүрөтүн Шахдадда табылган чопо идиштеринен көрсөк болот. Бул сүрөттөрдүн Месопотамияда табылган топурак идиш сүрөттөрүнө окшоштугу аз. Айта кетчү нерсе, Шахдад цивилизациясы дагы 3000 жылдыктын орто ченинде дарыянын нугу өзгөргөндүгүнө байланыштуу жоголуп кеткен жана ошол заманда Шахдад эли Пенжап эли менен жакын байланышта болгон. Тереңирээк изилдөө жүргүзүү үчүн Италия окумуштуулары Түркмөнстанда казуу иштерин жүргүзүп жаткан Советтер союзунун археологдору менен байланыш түзгөн. Советтер союзунун археологдорунун изилдөөлөрү Сухте шаарынын эли б.з. чейинки 3000-жылдардын башында Түркмөнстанда жашаган эл менен байланышы болгонун тастыктаган. Аймакта табылган буюмдардын көбү аябай кичинекей көлөмдө болгондуктан “Полиобутанист” адистеринин жардамы керек болгон. Микроскопикалык изилдөөлөр боюнча, бул коомдо балыктар, канаттулар жана крабдар тамак аш катары колдонулганы далилденген. Ал жерден табылган эчки, жейрен жана койдун сөөк калдыктары 99 пайызды түзгөн. Аталган аймакта жашаган адамдардын тамак аш катары колдонгон канаттуулары болуп суу канаттулары, кыргоол,өрдөктөр жана кааздар саналган, алардын көбүнчөсүн үй канаттуулары катары багышкан. Аны менен катар миңдеген таш жебелердин табылышы, аймактын жашоочуларынын аңчылыка көп көңүл бурганын далилдеп турат. Лауренсо Константин полиобутанист илиминин окумуштуусу тарыхый курулушту изилдөөнү өз жоопкерчилигине алган жана бул жумуш үчүн Систан облусуна келген, ал эми байыркы дүйнө философу “Эпикур” же “Эпикурчулдар” археологдорун өз долбоорунун негизи катары койгон, башкача айтканда “кичинекей буюдардан чындыка жетүү” негизги философиялык ой болгон. Археологдор бул тарыхый өрөөндөн буудай, арпа, кара куурай, коон жана жада калса жүзүм уруктарын табышкан. Мындай иш археолог окумуштуулары үчүн Сухте шаарында табылган айбанаттардын жана канаттулардын калдыктары, азыркы учурда бул аймакта жашабастыгын тастыктаган. Андан сырткары Сухте шаарынан адам колу менен жасалган таш лазурит же бирюза буюмдарын табышкан. Казуу иштерин жүргүзгөн адамдардын айтуусу боюнча шаардын аянты 70 гектарга чейин жеткен. Анын түштүк жана батыш тарабында адамдардын сөөгүн көмүшкөн. Болжол менен бул аймакта 21000 мүрзө болгон. Палеопатолог жана антропатологдордун жардамы менен аймактын жашоо тиричилигине тиешелүү изилдөөлөр жүргүзүлүп, адамдардын сөөктөрү изилденген. Мындай жол менен мүрзөлөрдө көмүлгөн адамдар кайсыл улуттан болгондугу изилденген. Ошондой эле сөөктөрдүн жаш курагы тастыкталган жана болжолдуу түрдө аялдар, эркектер жана жаш балдарга бөлүнгөн. Профессор Тучинин айтуусунда башка адистерден жардам алып көмүлгөн адамдардын сөөгүн изилдеп канынын группасы кандай болгонун аныктоого болот. Мисал катары белгилүү бир убакта жугуштуу оорунун кесепетинен көптөгөн жаш жана өспүрүм балдардын өлүмгө дуушар болуп, аларды көмүүгө мажбур болушкан. Жада калса эмбриондук сөөктү изилдеп энесинин ичинде өлгөндүгү н датастыкташкан. Археология илиминдеги мындай изилдөөлөр жаңы киргизилип бир топ кызыктуу натыйжаларды берген. Көрүстөндөрдөгү изилдөөлөргө ылайык 60 сөөктүн 55 пайызы 9 жашка чекинки өспүрүм балдар, бир сөөк 20 жаш курактагы уландыкы, 5 жаштагы баланын сөөгү жана ошондой эле эки адам бир кабырга көмүлгөнү далилденген. Күндүн крест сымал сүрөтү Иран тоо кыркаларынын көптөгөн жерлеринен кездештирүүгө болот. Болжол менен мындай көрүнүштү байыркы замандын адамдары күнгө сыйынганын айтсак болот. Археологдордун изилдөөлөрүнө таянсак, Сухте шаарынын тургундары тамак аш табуудан башка көп түрдүү адистиктердин ээси болгон. Карапа жасоо, токуучулук, айкелчилик өнөр жайы, зергерчилик, бирюза жана лазурит таштарын зыйнатто ж.б. Систан аймагындагы археологиялык изилдөөлөр Ирандын тарых дооруна чейинки адамдардын жашоо тиричилигин кайра куруп ачыка чыгара алды. Алар үчүн ар кандай буюдарды жер алдынан казып алып музейлерге коюу негизги максаты эмес, алар микроскопикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошол аймактагы адамдардын, айбанаттардын, канаттуулардын сөөгүн, көзгө байкалбаган нерселерди изилдеп байыркы доордун жашоо тиричилигин, үрп адатын тааныштыруу. Эске сала кетчү нерсе, Ирандын түштүк аймагы тарыхка чейинки төртүнчү миң жылдыкта жогорку цивилизациялуу жалгыз гана аймак болгон эмес. Сухте шаарынын алыскы же жакынкы тарабындагы жерлер, мисал катары “Яхйа дөңчөсү”, “Иблис өрөөнү”, Бам жана Шахдад аймактарында казуу иштери аткарылып жатат, ошентип Ирандын түштүгүнөн тарта Фарс жээгине чейин жогорку цивилизация болгондугу далилденди. Толук классификацияга алганда, табылган буюмдарды төмөндөгүдөй топторго бөлүүгө болот:

  • Кооздук буюмдар
  • Салттуу буюмдар
  • Кол өнөрчүлүк буюмдар
  • Күнүмдүк жашоодо колдонулчу буюмдар
  • Тамак аш азыктары

Ачылыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы ачылыштардан болуп Сухте шаарынан жасалма көз табылган. Изилдөөлөргө ылайык 6705- номурундагы кабырдагы чоң денелүү аялдын сөөгүнө таандык жасалма сол көзү болгон, жана ал аялдын кашынын ылдый жагы ириңдеп кеткени байкалган. Жасалма көз көптөгөн убакыт бою көз кабыгына тийип тургандыктан, көз кабыгынын органикалык таасири жасалма көздө байкалган. Аталган көз кандай материалдан жасалгандыгы толук бойдон маалым эмес, ал кийинки изилдөөлөргө тапшырылды. Бирок баштапкы изилдөөлөргө ылайык жасалма көздө табигый чайыр кайсыл бир жаныбардын майы менен аралаштырылып жасалган. Бул жасалма көздүн үстүнө диаметри жарым миллиметрге жетпеген алтындан жасалган зымчалар менен катталып көздүн кареги чийилген. Андан сырткары каректин айланасынан нур сымал таркаган бир канча сызыкчалар чийилген, ошондой эле жасалма көздүн эки тарабын көз чанагына байланышы жана кармалышы үчүн тешик жасаган. Антропологдордун изилдөөлөрүнө ылайык, аталган аял 25-30 куракта болгон. Мүрзөдө табылган бумдардын ичинде чопо идиштер, кооздук буюмдары, кайыш баштык жана колодон жасалган күзгү болгон. Мүрзөнүн жана жасалма көздүн жашы болжол менен б.з. чейинки 2800, 4800 жылга таандык. Азыркы учурда жасалма көз жана сөөкө тиешелүү изилдөөлөр жүрүп жатат. Бул шаардын дагы бир таң калыштуу нерсеси болуп азыркы нардага окшош оюндун тактайынын табылышы; Сухте шаарынын байыркылыгын эске алуу менен дүйнөнүн байыркы нарда оюну ушул шаардын элине таандык экенин далилдесек болот.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Сухте шаары» дүйнөлүк деңгээлде
  • Сухте шаары, Ирандын он жетинчи бүткүл дүйнөлүк мурасы
  • http://mehremihan.ir/mirasfarhangi/687-shahre-sookhte.html
  • Түш жоору жана тагдыр китеби, Доктор Абул Касем Тафзали
  • Иран нарда федерациясы, www.nardclub.ir

Ошондой эле[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Хисар дөңчөсү
  • Гуй дөңчөсү
  • Жер цивилизациясы (Жирафт цивилизациясы)
  • Гиан дөңчөсү
  • Сиалк дөңчөсү
  • Үңкүр жашоосунан Ахамениддер дооруна чейинки Иран тарыхы

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мухаммад Панах; ISBN 964-8249-34-2
  • Shahr-i Sokhta (Islamic Republic of Iran) (англ.).
  • CHN | News
  • CHN | News
  • 5,000-Year-Old Artificial Eye Found on Iran-Afghan Border
  • First Animation of the World Found In Burnt City, Iran, Persian Journal, 2004.
  • Сухте шары
  • «Сухте шаары, дүйнө цивилизациясынын очогу»

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Burnt City, key to lost civilization
  • 3rd Millennium BC Artificial Eyeball , CHN
  • Shahr-e Sukhteh, CHN
  • Zabolstan
  • Burnt City Inhabitants Used Teeth for Basket Weaving, CHN
  • World’s Oldest Backgammon Set found at the Burnt City
  • WorldCat Identities VIAF: 246272973
  • ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурасы Иран
  • Байыркы Иран шаарлары
  • Систан жана Белучистандын тарыхый диний жерлери


Тарых, Маданият