Шахрияр

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иран элинин азыркы замандагы акыны Мухаммед Хусейн Шахрияр 1906-жылы Табриз шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы адвокат болгон. Ал алгачкы окуу билимин Тебриз шаарындагы Моттахари орто мектебинде, андан соң Тегеран шаарындагы Даруль Фонун мектебинен билим алган. Андан сыртакары колледжде медициналык билим алып Хорасан шарына барып, ал жактан “Нишапур” коомдук нотариусунда иштеп, кийинчерээк “Кешаварзи” банкында ишмердүүлүгүн уланткан. Ал өзүнүн эң биринчи чыгармасын 7 жашында азербайжан тилинде, ал эми экинчи чыгармасын 9 жашында фарсы тилинде жазган. Ошондой эле ал алгач ырларын Бехжат лакап аты менен жазып баштаган, бирок кийинчерээк Шахрияр деп өзгөрткөн. Анын фарсы жана түрк-азербайжан тилдеринде жазган гумандуу, өтө терең мааниде ырлары жаш-кары, аял-эркек дебей бардык элдин жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып бир гана иран эли эмес бардык дүйнө жүзүнө айрыкча түрк тилдүүлөр арасында абдан сүймөнчүктүү жана таанымал болгон. Шахрияр Мохаммад Хосейндин устаты акындын поэтикалык бай жана көөнөрбөс күчүн байкап, көркөм чыгармачылыгынын ар түрдүүлүгүнө баа берип, ыр жазуудагы төп келиштире айкалыштыруусун жана байлыгын байкап, жыйырманчы кылымдын эң улуу акыны деп айтууга болот деген. Шахриярды бир гана Ирандын эмес бүткүл чыгыштын улуу акыны деп эсептесе да болот. 1950-1951 жылдары Шахрияр болгон убактысын Салам Хейдар баба аттуу чыгармасына арнаган. Хейдар Баба чыгармасы 90 пайыз мурунку советтер союзунан турган өлкөлөрдүн тилине которулуп жарыкка чыккан. Ал эми 1953-жылы Тегеран шаарынан Табризге кайтып келип өзүнүн алыс тууганы менен баш кошуп Шахрзад жана Мариям аттуу эки кыз Хади аттуу уллдун атасы болот.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахриярдын ырларынын көбү махабат темасына арналып түрк жана фарсы тилдеринде жазылган чыгармалары эң маанилүү мурас болуп эсептелет. Ал медициналык окуу жайында акыркы курсту окуп жаткан маалда бир сулууга ашык болот. Шахрияр бир нече жолу кыздын ата энесинен колун сурап барат. Бирок кыздын ата энеси ага карабай акындын шартын карап, өз кызын андан да кадыр барктуу адамга берүүнү чечишет. Сүйүүдөн шагы сынган Шахрияр абдан чөгүп, мөңгүрөп медицина факультетин 7 жыл гана окуп, акырына чейин бүтүрбөстөн таштап салат. Мындай сүйүүдөн болгон күйүтү анын жашы биртопту таяп калганда катуу ооруп бейтапканага жатып калышына да себеп болот. мындай кабар акын ашык болгон кызга да жетет, ал кыз жолдошун ээрчитип алып бейткапканага Шахриярды көрүү үчүн барат. Шахрияр жүрөгүнүн түпкүрүндөгү арманы болгон сүйүктүүсүн көрүп ыр жаратат. Ошентип окуусун таштоого түрткү болгон жолсуз сүйүүдөн соң Шахрияр өзүн бир гана чыгармачылыкка арнайт. Анын чыгармаларынын болуп көрбөгөндөй терең мааниси, бири бирине төп келише уйкалыштыгы жана кулака жагымдуу ритми да анын эң мыкты талан экенин дагы бир ирет далилдейт. Анын чыгармаларындагы эскерүүлөрү өзүнүн жашоосунан алынгандай, андамдын жүрөгүнүн түпкүрүнө кирип, ар биринин эч кимге айта алгыс ичти эзген маселесин айтып тургандай сезилет. Андыктан мындай чыгарманы окуган ар бир адам акынды өз сүймончүлүгүнө айлантып, анын чыгармачылыгына суктануу менен эң мыкты баа берүү менен аны он эсе өйдө баалайт. Анын жашоодогу ачуу жана татту эскерүүлөрү “Хазйан Дэл”, “Хейдарбабага салам” (Хейдарбаба акын балачагы өткөн жерге жакын жайгашкан тоонун аты), “Мумиаи” жана “Кечки аңгеме” атту чыгармаларында чагылдырылган. Ал эми анын “Тахте Жамшид” атту чыгармасы эпикалык ырлардын турат. Ал өз чыгармаларына ырлардын, төрт сап ыр, эки сап ыр, одалар жана элегия ырлары, жада калса лириканы да камтыган ар тараптуу талант болгон. Азыркы тапта акындын бир агасы төрт иниси жана жети карындашынан Мирсадык атту эң кичүү ининси гана тирүү. Азыркы замандын улуу акыны Шахрияр 1988 жылы жарык дүйнөдөн кеткен. Ал Тебриз шаарында жайгашкан Поэттер мавзолейине коюлган поэттердин акыркысы болуп коюлган.

Шахриярды эскерүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фарсы адабиятынын жана ырларынын күнүдө Шахриярды эскерүү күнү Шахрияр коому тарабынан Маданият жана Ислам министри Али Жаннати, Хамин Чит Чиян аскер минситри, Неммат Заде коомдук соода сатык жана өндүрүш минстрлеринин катышуусу Биримдик залында менен өткөн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Захеди Лофуллах, Устат Шахриярдын өмүр баяны, 10-чыгарылыш, Тегеран, Табриз, Негах зарин басмаканасы 1958-жыл.
  • Захри Али “Кириш сөз ордуна” 10-басылыш, Тегеран Табриз, Негах зарин басмаканасы
  • Мортеза Манучехр, 10 басылыш, Тегеран Табриз, Негах зарин басмаканасы 1962-ж.
  • Илим жана билим министрлиги. “Иран адабиятынын тарыхы 2” Тегеран, 3-басылы, Иран окуу куралы үчүн программаны түзүү, 2003-ж.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шахрияр Табризинин өмүр баяны
  • http://en.wikipedia.org/wiki/Mohammad-Hossein_Shahriar
  • «Shahriyar's Global Messages» Ахмад Реза .
  • Шахриярдын уулу менен кызынын Шахриярдын ырлары жөнүндөгү ар башка ой пикирлери.
  • Фарсы тилин жайылтуу уюму, “Эски ыр”, Шахрияр, Али Эй Хамаи Рахман.
  • Жаңы мезгил сайты, Шахриярдын ырлары жана М.Нажафинин түшү, Шахриярдын ырлары жана Аятолла М.Нажафинин түшү.
  • Исна веббети, Али Эй Хамаи Рахманга окшош ыр, Шахрияр жана сүрөттөр.
  • Ададбий илимий изилдөө, Али Эй Хамаи Рахман тааныштыруу, Мехр кабар агенттиги. 2013-ж.
  • Али Эй Хамаи Рахман ырына болгон ар кандай ой-пикирлер. 2011=ж.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шахриярдын өмүр баяны жана анын өз үнү менен ырдаган ырлары
  • Шахриярдын өз жашоосундагы айтылбаган кептер
  • Тегеран шаарында өткөн Шахриярдын 100 жылдыгы
  • Тажикстандагы Шахриярды эскерүү күнү
  • Шахрияр Афтаб веб бетинде.
  • Шахрияр кантип Шахрияр болду?
  • Шахриярдын ырлар жыйнагы