Шахтадагы гидравликалык транспорт

Википедия дан

Шахтадагы гидравликалык транспорт - материалдарды суу агымы менен ташуучу технологиялык процесс.

Сууну гидравликалык транспорт жана алтындуу кумду чайкоо үчүн б. з. ч. XI-VI кылымдарда эле Тахо, Дуэро, Миньо жана Гуадьяро д-нын өрөөндөрүндө (Испания) колдонулганы белгилүү.

Шахтадагы гидравликалык транспорттун түрлөрү:

  • 1) басымсыз гидротранспорт - гидравликалык аралашма (казылып алынган кен, тоо тек өтө майдаланылып, сууга аралаштырылат. Ал эми, тоокен казмасын толтурууда сууга аралаштырылган кум, майдаланган тоо тек же бетон аралашмасы) жантык орнотулган металлдан жасалган арык (кобул), түтүк менен агызылып ташылат;
  • 2) басым астындагы гидротранспорт - гидравликалык аралашма атайын жабдуулардын жардамы аркылуу күчтүү басым астында түтүк менен ташылат. Ал бир же көп баскычтуу система болуп саналат;
  • 3) аралаш гидротранспорт - жолдун айрым бөлүктөрүндө басымсыз, башкаларында басым астындагы гидротранспорт пайдаланылат.

Шахтадагы гидравликалык транспорттун артыкчылыктары: өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу, толук автоматташтырылса бир кыйла аралыкка материал ташуу, ташуу учурунда материалдын коромжуга учурабашы, мындай ташуу чыгымынын төмөндүгү, башка технологиялык процесстерге жалгаштыруу мүмкүнчүлүгү, түтүктү жер астында орнотуу ж. б. Кемчиликтери: энергиянын жана суунун чыгымынын салыштырмалуу жогорулугу, түтүктөрдүн жана жабдуулардын керектен чыгышы, гидротранспорт менен ташылуучу материалдардын түрлөрүнүн чектелүүлүгү, ташылуучу материалды алдын-ала майдалап, сууга аралаштыруу машакаттары ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4