Шахтанын микроклиматы

Википедия дан

Шахтанын микроклиматы - адамдындын организмине шахта ичиндеги абанын температурасы, нымдуулугу жана аба агымынын ылдамдыгы айкалыша таасири этиши менен аныкталган климат.

Андан сырткары, Шахтанын микроклиматы тоо тектердин физикалыкхимиялык касиеттерине, курулмалардын жана касылмалардын коопсуздук абалына да олуттуу таасир этет. Шахтанын микроклиматы шахта ичиндеги абанын кыймылына жараша жүрүүчү жылуулук жана нымдуулук алмашуу процессинен кез каранды келет. Шахтанын микроклиматынын жагымсыз өлчөмдөрү шахта стволунун, штольнянын жана желдеткич орнотмонун каналдарынын тоңуп калышына, шамалдатуучу курулманын жана целиктердин талкаланышына, казманын капталынын уроосуна же тоңуп-көбүшүнө, буунун конденсацияланышына, шахта ичин суу капташына ж. б. алып келиши ыктымал. Оптималдык микроклиматтык шарт - Шахтанын микроклиматынын узак мезгил бою туруктуу таасир этишинде адамдын организминин функционалдык жана жылуулук абалы адаттагыдай сакталып турган микроклиматтык шарт. Аны жумушчу зонасында түзүп алууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4