Шахта-Рудник суулары

Википедия дан

Шахта-Рудник суулары - тоо-кен казмаларына агып кирип, казуу иштеринин жүрүшүндө физикалык-химиялык өзгөрүүлөргө учураган жер астындагы (кээде жер бетиндеги) суулар.

Шахта-рудник суулары түрдүү горизонттордогу суулардын аралашуусунан пайда болуп, алардын рудник атмосферасы жана тоо тектери менен өз ара аракетинен өзгөрүлүшү менен тоо-кен казмаларына жанаша жаткан жер астындагы суулардан айырмаланып турат. Суунун курамы казылып жаткан кендин түрүнө жана анын тереңдигине жараша болот. Мис., күкүрттүү көмүр, ошондой эле колчедан кендерин казып алууда кычкыл агрессивдүү суулар пайда болот. Полиметалл кендериндеги сууда жез, цинк, коргошун ж. б. компоненттер арбын учурайт. Шахта-рудник сууларынын температурасы жана жалпы минералдашуусу казып алуу иштери тереңдеген сайын көбөйөт. Шахта-рудник суулары казып алуу жана өткөөл иштерине тоскоол болгондуктан, анын иш участкасына агып кирүүсүнө каршы чаралар жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4