Шахта ичиндеги транспорт

Википедия дан

Шахта ичиндеги транспорт - кенди ж. б. жүктөрдү жер астындагы тоо-кен казмалары жана жер бети боюнча ташуучу жана кабыл алуучу каражаттардын жана курулмалардын комплекси.

Ага кен казууга корогон чыгымдын жана эмгектин 30% тейи туура келет. Шахта ичиндеги транспорттук системага: транспорттук машиналар, коммуникация жана көмөкчү жабдуулар (жүктөөчү, түшүрүүчү жана бир транспорттон 2-сине которуп жүктөөчү), автоматташтыруу жана диспетчердик каражаттар, техн. тейлөө, оңдоо ж. б. кирет. Шахта ичиндеги транспорт менен ташылуучу негизги жүк - казылып алынган кен жана тоо тектер, кошумча жүк: машиналар, жабдуулар, тоо-кен казмасынын капталын жана үстүн бекемдөөчү материалдар. Транспорт каражаттары менен ствол айланасындагы короодон забойго жана артка адамдар да ташылат. Шахта ичиндеги транспорттун түрлөрү - локомотив, конвейер, гидравликалык ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4