Шахта клети

Википедия дан

Шахта клети - шахта стволу боюнча кен жана тоо тек салынган вагонеткаларды көтөрүүчү, ошондой эле адам, жабдуу ж. б. түшүрүп - көтөрүүчү транспорт кабинасы.

Бир же көп аркандуу көтөрүүчү орнотмонун жардамы менен кыймылга келген 1 же 2 клеттүү Шахта клети пайдаланылат. Жүк, жүк-адам жана адам ташуучу Шахта клети деп бөлүнөт. Тик шахта стволдорунда көңтөрүлүүчү жана көңтөрүлбөөчү Шахта клети пайдаланылат. Чет өлкөлөрдө 4кө чейин, кээде андан да көп кабаттуу клеттер менен бир нече вагонетка же 200-250 адам ташылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4