Шахта талаасы

Википедия дан

Шахта талаасы - бир шахта менен казып алууга чектелген кен же анын бөлүгү.

Көмүр Шахта талаасында бир же бир нече көмүрлүү катмар болот. Шахта талаасынын каптал, үстүнкү жана төмөнкү чектери белгиленет. Ал чектер техникалык-экон. эсептөөнүн негизинде долбоорлоодо же ири тектоникалык жарака ж. б. боюнча жүргүзүлөт. Шахта талаасындагы шахтанын кубаттуулугу менен иштөө мөөнөтү андагы пайдалуу казылманын запасына жараша болот. Шахта талаасынын өлчөмү кендүү катмарлардын санынан жана калындыгынан, иштетилип жаткан катмардын жайгашуу тереңдигинен, шахтанын кубатуулугунан жана иштөө мөөнөтүнөн көз каранды келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4