Шахта туюк стволу

Википедия дан

Шахта туюк стволу - жер бетине чыгуучу оозу жок, тик же жантык тоо-кен казмасы.

Ал төмөнкү горизонтту тейлөөгө арналып, чалгындоо жана эксплуатациялык деп бөлүнөт. Чалгындoо Шахта туюк стволу иштетилип жаткан горизонттон төмөн жаткан кен катмарларын ачуу жана чалгындоо үчүн өткөөлдөнөт. Эксплуатациялык Шахта туюк стволу менен гөмөнкү горизонттон жогоркусуна кен, тоо тек чыгарылып, адамдар, ар түрдүү жүктөр түшүрүлүп-көтөрүлөт, шахта шамалдатылат ж. б. Пайдалануу мөөнөтү кыска, туурасынан кесилиш аянты чакан, анча терең эмес Шахта туюкстволдорунун туура кесилиш төрт бурчтуу келип, каптал бети жыгач менен бекемделет. Узак мезгилге пайдаланылган тереңдеринин туурасынан кесилиши тегерек түспөлдүү келип, капталдары бетон, темирлүү бетон, кирпич жана таш блоктору менен бекемделет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4