Шацкий, Станислав Теофилович

Википедия дан

Шацкий Станислав Теофилович (1878–1934), педагог. Пед. ишмердигин 1905-жылы Россиядагы балдар жана өспүрүмдөр клубун (Москвага жакын) Шелковдогу жайкы колонияны түзүү менен баштаган.

1906-ж. «Сетлемент» коомун (А. У. Зеленко, Л. К. Шлегер ж. б. менен бирдикте) уюштурган. 1909-ж. «Балдар эмгеги жана эс алуусу» деген коомду жетектеген. 1911-ж. аялы В. Н. Шацкая м-н «Көңүлдүү турмуш» («Бодрая жизнь») деген жайкы эмгек колониясын уюштурган. Шацкийдин чыгармачылык ишмердигинде балдар м-н маданий-агартуу ишин жүргүзүү негизги мааниге ээ болгон. Балдар коллективинин проблемаларын изилдеген, балдар м-н иштөөнүн мазмуну ж-а методдорун «Көңүлдүү турмуш» деген монографиясына киргизген. (1914-ж. Шацкая м-н бирдикте).

1917-ж. кийин Ш. теориялык ж-а эксперименталдык-тажрыйбалык иштерин мектептин жаңы тиби боюнча түзгөн. Шацкая, Шлегер, А. А. Фортунатов, М. Н. Скаткин, Л. Н. Скаткин ж. б. м-н чогуу ил. мектеп уюштурган. Ш. мектептеги билим берүүнүн мазмуну ж-дөгү маселелерди иштеп чыгууга бараандуу салым кошкон ж-а окутуу ишин уюштуруунун негизги формасы – сабактын ролун жогору көтөргөн. Ш. жетекчилиги менен социалдык-пед. эксперимент, байкоо, сурамжылоо деген педагогиканын ил. изилдөө усулдарын иштеп чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6