Шашмаком

Википедия дан

Шашмаком (перс. шош - алты) –

1. Өзбек, тажиктердин рос, бузрук, навр, дугох, сегох, ирок деп аталган алты кейиптик-эмоциялык жана ладдык-интонациялык музыка системасы.

2. 18-кылымдын аягында калыптанып,19-20-кылымдарда колдонулуп келе жаткан макотдор түрү. Шашмаком бухаралык жана хорезмдик болуп бөлүнөт. Азыркы учурда Шашмаком көп бөлүмдүү, түрдүү түзүлүштөгү циклди түзөт (мис., арбир маком 40 ашык бөлүмдөн туруп, аспаптык кайрыктарга (чалгу) жана вокалдык (шобе) чыгармаларга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.