Шериктик аманат

Википедия дан

Шериктик аманат – жалпы ишке жолдош (жөнөкөй шериктештик келишиминин бир тарабы) кошкондордун баары, анын ичинде акча, башка мүлктөр, кесиптик жана башка билимдер, ык жана эп, ошондой эле ишкер аброй жана байланыштар дагы. Ш. а. жөнөкөй шериктиктеги келишимден же иш жүзүндөгү кырдаалдан башкача келип чыкпаса, баары наркы боюнча бирдей эсептелет. Ш. а-ты акчалай баалоо шериктердин арасындагы макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]