Шерл

Википедия дан

Шерл (нем. schorl - кир, таштанды), шерлит, кара турмалин - минерал, турмалиндин бир түрү, NaFe2+3Al6Si6018(B03)3(0H)4.

Кошундулары: Mn, Mg, Са, Li, Cr, Ti, F, К. Турмалиндин башка түрлөрүнүн айырмаланып, тунук эмес. Курамындагы темирдин атомуна байланыштуу өңү кара. Айнектей жылтырайт. Катуулугу 7 - 7,5, тыгыздыгы 3,18-3,22 г/см3, морточо Негизинен пироэлектрик жана пьезоэлектрик катары өнөр жайында, ошондой эле зергерчиликте пайдаланылат. Шерл - жер кыртышында көп таралган минерал, ири кендери Бразилияда, Улуу Британияда, Германияда жана АКШда бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4