Шерломит

Википедия дан

Шерломит (сырт түспөлү шерл минералына окшош болгондуктан, ушуңдай аталган), шopнoмит - минерал, кальций менен титандын ферросиликаты, Ca3Ti2(SiFe3+2)012.

Кошундулары: Na, Al, Mn, Mg, Na, K, H20, P, Zr, V. Түсү: бозомук кара, көгүш кара, кызгылт күрөң. Жарык өтөт, тунук эмес. Айнектей жылтырайт, катуулугу 7-7,5, с. салм. 3,69-3,88 г/см3. Карбонатитте, сиенитте, фонолитте, кээде скарнда пайда болот. Лецит, брукит, нефелин, калийлүү талаа шпаты менен бирге кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4