Шер датка

Википедия дан

Шер Датка – кыргыздын багыш уруусунун кутлук-сейит тобунун белгилүү бийи.
Фергана кыргыздарынын көрүнүктүү инсаны.
1870-жылдардын башында Кокон ханы Кудаярды адилеттүү хан менен алмаштырууну көздөгөн кыргыз бийлерине демилгечи болгон. Мураскор издеп Самаркандагы, Хорезмдеги хан урпактарына барган. Алар хандык бийликке макулдугун бербеген соң, 1872-жылы кеч күздө Ташкендин жанындагы курамалык Абдымомун Шамурзак уулунун үйүнөн (к. Момун Шамурзак уулу; Искактын 1873–74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү) таанышкан Искак Асан уулун «Полот хан» деген ат менен Кудаяр ханга каршы күрөштү жетектөөгө үндөгөн.
1873-жылы жазында Шер датка Искакты Аксынын Сафедбулон деген жеринде Кокон ханы деп жарыялоого жетишкен. Ошол жылы Аксыда, Экисуу арасында, Алайда жана Фергана өрөөнүнүн түштүк- батышында Кокон ханы Кудаярга каршы кыргыз элетинин жалпы көтөрүлүшү башталганда, Кудаяр кыргыздардын 40 бийин сүйлөшүүгө ордого чакырган. Алардын ичинде ордого барган Шер датка башка бийлер менен кошо өлүмгө учураган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]